Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын ТОКТОМУ №6/3

Toktom-shapka

Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын  кезексиз

VI сессиясынын

 ТОКТОМУ

 Баш-Кайыңды айылы                               №6/3                                     28-март 2017-жыл

  Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4- беренесине ылайык Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Баш-Кайыңды айыл аймпагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.

 

  1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу орган жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергилктүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргзүүсү милдеттендирилсин.
  2. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүгдө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укутары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кайтарылып алынары жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы жайыт комитетине эскертилсин.
  3. Жайыт комитетинин башчысы жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө , жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана аны жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесин уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу тийиштүү отчетторду , маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү.
  4. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар  тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
  5. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын «жайыттар жөнүндө» мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
  6. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго жүктөлсүн.
  7. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Нарын  облусунун  юстиция башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

 

 

Төрага:                                                                    А.Бокоев

Добавить комментарий