Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезексиз
VI сессиясынын
ТОКТОМУ
Баш-Кайыңды айылы №6/2 28-март 2017-жыл
Жайыт комитетинин планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө.
Жайыт комитетинин төрагасы Кадырманбетов Курманбектин угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл аймагындагы жайыт комитетинин планы жана бюджети бекитилсин жана жайыт комитетинин төрагасы менен бухгалтеринин айлык акысына 1000 (бир миң ) сомдон кошулуп берилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: А.Бокоев